Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Сынактын биринчи күнүнүн жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин тизмеси

21-январда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ачылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Тазабек Икрамов жана Фарходбек Алимжанов, ошондой эле президент Күрөш федерациясы Мелис Турганбаев.


Мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан балбандар катышууда. Биринчи күнү 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмакта 87 балбан күч сынашты.

Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы:

55 килограмм

1-орун - Сардарбек Конушбаев;

2-орун - Улан Муратбек уулу;

3-орун - Нурболот Бердикулов жана Таалайбек Бейшенбек уулу.

63 килограмм

1-орун - Сыймык Махмудов;

2-орун - Дастан Кадыров;

3-орун - Баяман Каримов жана Бекназар Бактыбек уулу.

72 килограмм

1-орун - Нуржигит Кеңешбек уулу;

2-орун - Адилхан Нурланбеков;

3-орун - Абдулазиз Нурланбеков жана Хабибулло Тынчтык уулу.


82 килограмм

1-орун - Акылбек Талантбеков;

2-орун - Асан Жанышов;

3-орун - Бексултан Назарбеков жана Темирлан Бектурдиев.

97 килограмм

1-орун - Нурмамбет Раймалы уулу;

2-орун - Артык Орозбеков;

3-орун - Бекжан Жумабеков жана Дастан Иманбердиев.

Спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх