Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгына Арсланбек Малиев шайланды
Депутаттар анын талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдошту
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын төрагасын шайлашты.
Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын төрагалыгына Арсланбек Малиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.
Мындай сунушту вице-спикер Нурланбек Азыгалиев добушка койду.
Көпчүлүк добуш менен Малиев комиссиянын төрагасы болуп шайланды.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз