Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кармалышы боюнча маалымат бар

Бишкек шаардык ИИББсы мурдагы аткаминер убактылуу жайга киргизилди деген маалыматты тастыктаган жок, бирок төгүндөгөн жок

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкекте кармалганын блогер жана активист Кундуз Ажыбекова өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.


Ал арада кыргыз басылмалары экс-чиновник Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурхановдун билдирүүсүнөн улам кармалганын жазып чыгышты. Разаков Бурхановдон 1 миллион 200 миң доллар алып, кайра кайтарып берген эмес.

Ал ортодо Vesti.kg маалыматын тактоо үчүн ИИМдин басма сөз кызматы менен байланышып, алар Жеңиш Разаковду кармоо боюнча маалыматты тактап жатабыз деп жооп беришти.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтынын Жеңиш Разаков алардын изоляторунда жокпу деген суроосуна жооп берген жок.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх