Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөн жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулган

КРнын жарандары дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн жумушка орношо алышат

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө жумушка орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелерине арналган семинарда билдирди.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө жумуш таба алышат. Министрлик аркылуу Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен иш менен камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Ошол эле учурда дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишмердүүлүгү Эмгек министрлиги тарабынан көзөмөлдөнгөн 142 жеке ишке орноштуруу агенттиктери ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт», - деди ал.

Аткаминердин айтымында, өткөн жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тышкы иш менен камсыз кылуу жаатындагы ишинин алкагында 12 миң кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылган, анын үчтөн бир бөлүгү аялдар. Дагы 66,3 миң адам иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча кеңеш алышты.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх