Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футзал боюнча аялдар курама командасы Ташкентте өтүп жаткан CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык турнирине катышууда

Улуттук курама команданын машыктыруучусу Олег Гевленко биздин кыздар жылдан-жылга күчтүү болуп бара жатканын белгиледи

Бүгүн, 27-январда Ташкентте CAFA Women's Futsal Championship эл аралык турниринин алкагында футзал боюнча аялдар курама командасынын алгачкы беттеши өтөт. Ага Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан катышууда. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир алдындагы маалымат жыйыны бир күн мурун болуп өттү. Ага курама командалардын башкы машыктыруучулары катышты.

Башкы машыктыруучу Олег Гевленко алдыдагы оюн тууралуу буларга токтолду: «Биринчиден, күнөстүү Өзбекстанга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул турнирге бир нече жума даярдандык, 20 оюнчу чакырылып, анын ичинен 14 күчтүүсүн тандап алдык. Биздин максат кооз оюн көрсөтүү. Менимче, кыздар жылдан жылга күчтүү болуп калышты. Бул биз үчүн абдан пайдалуу турнир, Азияда дагы ушундай маанилүү футзал турнирлерин өткөрүп, аларга катышкыбыз келет. Бардык командаларга ийгилик каалайм!”

Спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы
Сүрөт спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх