Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

№100 маршруттук такси Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында өтөт

Шаардык муниципалитет мындай демилге менен айдоочулар өздөрү чыгышканын белгиледи

​Бишкекте №100 маршруттук такси мэриянын карамагына алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына No100 маршруттук кичи автобустун айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгына өткөрүү маселеси менен кайрылышкан.

Аталган башкармалыктын директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугуп, бул маселени талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында №100 маршруттук кичи автобусту мэриянын карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх