ИИМ: Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелүүдө
Келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллион доллардан ашык болушу мүмкүн
Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«2017-жылдын күзүндө экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтык абалынан пайдаланып, ишкердик кылууга жамынып, 1 млн. министрлик билдирди. — Топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. 24-январда Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз