Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар медалдарды жана эстелик белгилерди ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиевдин колунан алышты

Сыйлангандардын арасында Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Камила Талиева жана башкалар бар

Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер Аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) медалдарын жана Эстелик белгилерин тапшырды.

Алсак, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана Мамлекеттер аралык «МИР» телерадиокомпаниясынын «Древо дружбы» алтын медалы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова сыйланды.

Ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыӊдоого сиӊирген эмгеги үчүн, Шериктештиктин ишинин укутук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, «Альянс» парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты.

Мындан тышкары, КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган Эстелик белгиси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Камила Талиева менен Бахридин Шабазов сыйланышты.

Жолугушууда эл өкүлдөрүн сыйлык менен куттуктаган Төрага Нурланбек Шакиев, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө депутаттардын кошкон зор салымын белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх