Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрү башталды

Андан кийин президенттер басма сөзгө билдирүү жасашат

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрү башталды.

Өлкө лидерлери алгач тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң делегациялар кеңейтилген жыйынга чогулушат. Кийинчерээк эки республиканын президенттери басма сөзгө кайрылуу менен кайрылышат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Эске салсак, бир күн мурун Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 168 миллион долларлык соода алакасын кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган 11 документке кол коюлган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх