Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн кармалган мугалим Гүлзат Аалиеваны актады

Окумуштуу диний кастыкты козуткан деп айыпталган

Бишкектин Биринчи Май райондук соту дин аралык кастыкты козуткан деп айыпталган Гүлзат Аалиеваны актады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

- Сотто Гүлзат Аалиевага козголгон кылмыш ишин кароо аяктады дешти. Ал күнөөсүз деп табылып, кылмыштын курамы жок деп акталды. Реабилитацияга укугу бар.

Эске салсак, Аалиева философия илимдеринин кандидаты болгон мугалим. Теңирчиликти жайылтып, исламды сындаган. Тактап айтканда, ал өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн сындаган билдирүүлөрдү жарыялаган.

Ал 2021-жылдын апрель айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же дин аралык кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган.

Лейла Молдыбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх