Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жаңы төрөлгөн 6 ымыркай каза болду. Оорукананын директору жана бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду

Мындан тышкары, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусундагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынын, ошондой эле райондук администрациялардын жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча учурдагы абалды талдоо, ошондой эле 2023-жылдын январь айында Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө чарчап калган 6 ымыркайга медициналык жардам көрсөтүү боюнча эксперттик баа угулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кош бойлуу, төрөгөн аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш жетишсиз деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.

«Жаңы төрөлгөн 6 ымыркайдын өлүмү – бул чоң трагедия. Анализ көрсөткөндөй, элементардык санитардык талаптар жана гигиеналык эрежелер сакталбаганы аныкталган. Айрыкча жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен иштеген төрөт үйлөрүндө талап кылынган санитардык нормаларды сактоо боюнча эң жогорку шарттар түзүлүшү керек. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана энелерге мыкты көңүл бурулуп, алар тийиштүү камкордукка алынып ошондой эле сапаттуу жана медициналык кызмат өз учурунда көрсөтүлүшү зарыл. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги эне жана баланын өлүмүн кыскартуу боюнча чараларды көрүп, төрөт үйлөрүндөгү көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле аймактарда калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде гинекологиялык кызматты калыбына келтирүү жана кош бойлуу аялдарды кароо жана аларга көзөмөл жүргүзүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү боюнча сунуштарды киргизүүсү зарыл. Аялдар квалификациялуу медициналык жардам алууга тийиш. Ымыркайлардын, балдардын жана энелердин өлүмүнүн кыскартылышы саламаттык сактоо тармагындагы өнүгүүнүн көрсөткүчү болушу керек», - деди ал жана Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.

Республикалык комиссиянын жана республикалык кеңешменин жыйынтыгы боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген оору жугузуп алуу учурларын өз убагында аныктоо жана анын алдын алуу иштерин жетишсиз деңгээлде уюштургандыгы үчүн административдик жаза чаралары көрүлдү.

Тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун м.а. Кыдырбаева М.Б., Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Сагынбаев М.О., оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Атагелдиева И.К., оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Р.К., оорукананын ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т. ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Ооруканадагы ички инфекцияга жол бербөөдө өз учурундагы чараларды  жүргүзүү боюнча иште ырааттуулуктун жоктугу жана жетишсиз көзөмөл үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору, Ысык-Көл облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясына ээ Тайлакова Г.Б. ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле оорукананын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх