Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумуна комментарий берди

“Биздин ишкерлерге тоскоолдуктар  бар”

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Бишкекте өткөн Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкерлери менен бизнес-форумдун иши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу СӨП башчысы Фейсбук баракчасына өзүнүн пикирин жарыялады.

«Бизде айыл чарба, өнөр жай кооперациясы, туризм жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташуу үчүн чоң потенциал бар», - деди ал. – Бирок биздин ишкерлерге тоскоолдуктар бар. Бизнес эки өлкөнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте болгон маселелерди чечүү жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр болсо да, алардын ичинен чек ара аймактарындагы өткөрүү пункттарынын жетишсиздиги жана алардын техникалык жабдылышы; тез бузулуучу продукцияларды жеткирүү үчүн «жашыл коридорлордун» жоктугу; соода жана логистикалык түйүн жок; ветеринардык документтер электрондук системаларга интеграцияланбаган; өлкөлөр ортосунда аба байланыштарынын жоктугу ж.б. ”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх