Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо алдамчылыкка шектелген жаран кармалды (фото)

Жигит 528 миң сом темир алып, изин жашырып кеткен

Караколдо алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

- Бизге Бишкектин жабыркаган тургуну арыз менен кайрылды, - деп билдиришти милициядан. «Анын айтымында, Сардар аттуу жигит ага ишеним артып, темир-тезек сатып алуу үчүн 528 миң сом алып, андан соң дайынсыз жоголгон. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалган. Каракол шаарынын тургуну болуп чыкты. Ал ИВСке жайгаштырылды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх