Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп акча талап кылган адам кармалды (фото)

Кылмышка шектүү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 300 миң сом алып келүүнү талап кылган

Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


- Бизге Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн, - дешти укук коргоо кызматкерлери. - Анын уюлдук номуруна белгисиз адамдар чала баштаганын айтты. Алар өздөрүн полиция кызматкери катары көрсөтүшкөн. Алар колдорунда компроматтар бар деп коркута башташты. Ал эми борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 300 миң сом алып келип, кайсы бир Чыңгызга берүүнү талап кылышкан. Кызыл-Кыя ШИИБ менен ИИМдин ички иштер кызматынын ыкчам кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын жанынан 230 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Текшере келгенде ал эч жерде иштебегени белгилүү болду. Кармалган адам Кызыл-Кыя ШИИБге өткөрүлдү.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх