Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айтматов проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз орнотулган объектилерди массалык түрдө демонтаждоо иштерин баштады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы мэрдин орун басары  Н.Орунтаевдин жетекчилиги астында Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз орнотулган объектилерди массалык түрдө тазалоо иштерин баштады.
Алгачкы этапта Ч.Айтматов проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жалпы аянты 42 чарчы метр жеңил объект жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо алынды.  
Буга чейин комиссия жарнаманы  жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.


Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх