Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту (фото)

Коопсуздук кеңешинин катчысы дипломат менен аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх