Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтындын сатылышын иликтөө боюнча ЖКнын депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргызалтын” аффинаждык заводуна барышты

Ишканага парламентарийлер менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын мүчөлөрү келишти

Алтындын сатылышын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргызалтын” аффинаждык заводуна барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


«Ишканага депутаттардан тышкары министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Улуттук банктын өкүлдөрү келишти», - дешти алар. - Ишке Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Надира Нарматова, Балбак Түлөбаев, Марат Мураталиев, Нилуфар Алимжанова, Карим Ханжеза, Мейкинбек Абдалиев, Динара Ашимова жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Заводдон кийин комиссия Кара-Балта шаарындагы «КГРК» ААКнын Борбордук илимий лабораториясына барды.


Эске салсак, Жогорку Кеңештин өткөн жылдын 28-сентябрындагы жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун алтындын сатылышын, жалпы өндүрүшүнүн көлөмүн иликтөө жана анын менчигине өткөн учурдан тартып ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.


Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү ЖК
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх