Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрбол Султанбаев Бишкек мэриясы 120 автобусту эмне себептен ата-мекендик “Белес” компаниясынан албаганын түшүндүрдү

Бугун борбор калаада автобустарты тапшыруу аземи өтөт

Кыргызстандын президентинин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына кечээ түнү эмне себептен Бишкек мэриясы 120 автобусту ата-мекендик “Белес” компаниясынан эмес Кытайдан алып келгендиги тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында “Белестин” учурда көп сандагы транспортту жеткирүүгө мүмкүнчүлүгу жетпейт.

-Урматтуу достор, эртең буюрса борбордук аянтта Бишкектин тургундары үчүн жакшы жаңылык болгону турат.
Бул Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобустардын сатылып алынып келиши. Ал автобустар газ менен жүрөт.
Учурда "Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик "Белес" компаниясынын автобустарын алса болбойбу" деген пикирлер да бар.
Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон.
Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.
Анын үстүнө, учурда "Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок.
Ошондуктан, учурда "Белес" компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат, - деп жазган Эрбол Султанбаев.

Эскерте кетсек, бүгун, 1-февралда борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында автобустарды тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өтмөкчү.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх