Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинети өлкөдөн пиязды экспорттоого үч айга тыюу салды

Учурда Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде пияздын баасы кескин кымбаттап кеткен

Министрлер кабинети 2023-жылдын 31-январынан тартып пиязды үч айга Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара социалдык маанидеги товарлардын, пияздын жана башка пияздуу жашылчалардын баасын камтыган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун алкагында кабыл алынганы айтылат.

Белгилей кетсек, пияздын баасы Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө кескин кымбаттады. Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан дагы пиязды экспорттоого тыюу салган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх