Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы өрт өчүрүүчү унаалар, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар жана тез жардам унаалары. Бишкекте атайын техникаларды тапшыруу аземи болду

Ага өлкө башчысы катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника - 85 өрт өчүрүүчү унаалар, 10 авариялык-куткаруучу унаалар, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн унаалар тапшырылды. Бул техника өлкөнүн баардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатылып алынды, алар дагы өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт.

Мындан башка Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алды.

Мындан тышкары муниципалитетке дөңгөлөктүү тракторлор, багбанчылык машина-экскаваторлор, кран-манипулятор ж.б. сатып алынды.

Мамлекет башчысы “Ала-Тоо” борбордук аянтына коюлган жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Президент өз сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, бүгүн кубанычтуу күн экенин - Кытай Эл Республикасы тарабынан гранттык негизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап, кубаттуу атайын техникалар тапшырылып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен сатылып алынган тез жардам унаалары жана борбор шаарыбыздын калкын тейлөө үчүн автобустар тапшырылды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх