Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Тараптар башка маселелер менен бирге Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын ооруканаларында акысыз дарылоо каралган макулдашууну жаңыртууну дагы талкуулашты

Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуусу болуп өткөнүн ТИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу достук, бир туугандык мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташуу, түрк инвестицияларын Кыргыз Республикасына тартуу, ошондой эле түрк ишканалары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки тараптуу сооданын олуттуу өскөндүгүн канааттануу менен белгилешип, аны жогорулатуу боюнча мындан аркы аракеттердин зарылдыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти, ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумунун алдында өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү пландарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын түрк мамлекеттери менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюму аркылуу кызматташуу маселелери да кеңири талкууланды.

-Элчи Руслан Казакбаев менен Вице-президент Фуат Октай ошондой эле эки тараптуу Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун эртерээк түзүү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (бул макулдашууда жыл сайын Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын ооруканаларында акысыз дарылоо каралган) жаңыртуу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап жыл сайын берилүүчү квотаны көбөйтүү өтүнүчүн билдирди, - деп айтылат маалыматта.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх