Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен шаарында жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Жалпы 4 млн 45 миң сомго бааланган жер тилкелери муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды

Баткен райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Баткен шаардык мэриясынын 2004, 2008 жана 2009-жылдардагы токтомдору менен жалпы аянты 0,66 га түзгөн жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер тилкелери боюнча прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

Райондук прокуратура тарабынан Баткен шаарынын мэриясына келтирилген прокурордук талаптын негизинде, жалпы 4 млн 45 миң сомго бааланган жер тилкелери муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх