Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат таануучу Денис Бердаков: "Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө эки жылдан бери мурда болуп көрбөгөндөй көңүл бөлүнүүдө"

Кыргызстан өз чек араларын жана улуттук коопсуздукту сактоо үчүн коргонуу дараметин күчтөндүрүүнү улантууда

Кыргызстан өз чек араларын жана улуттук коопсуздугун сактоо үчүн коргонуу дараметин күчтөндүрүүнү улантууда. Мамлекет модернизацияланган "Печора-2 БМ" зениттик-ракеталык комплексине ээ болгонуна байланыштуу, биздин редакция менен саясат таануучу Денис Бердаков ой бөлүштү.

"2021-жылдан тарта коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө иштери жигердүү башталды. Акыркы эки жылда Кыргызстан мамлекеттик бюджеттин эсебинен системалуу, пландуу түрдө бизге салттуу куралдарды да, таптакыр жаңы системаларды да сатып алды. Ондогон жылдар бою алсырап келе жаткан коргонуу элементтери чыңдалып жатат. "Байрактар" жана башка заманбап учкучсуз учактар, уникалдуу, чалгындоо жана сокку уруучу куралдарга ээ болдук”, - деп белгиледи эксперт.

Бердаковдун айтымында, «Печора-2 БМ» дагы аба коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Ал Кыргызстан үчүн абдан зарыл болгон комплекс.

- Эгемен Кыргызстанда мындай техника эч качан болгон эмес, - деди ал.

Мындан тышкары, ал өлкөдө МИ-8 аскердик тик учактары модернизацияланганын, алар тоолуу аймактарда, анын ичинде ыкчам жайгаштыруу жана патрулдук кылуу үчүн абдан зарыл экенин эске салды.

-Жалпысынан акыркы эки жылда биздин аскерлердин коргонуу жөндөмдүүлүгү болуп көрбөгөндөй бекемделди деп айта алабыз. Айлыктар көтөрүлүп жатат, аскер кызматкерлеринин, айрыкча, биздин чек аранын чыңалган аймактарында кызмат өтөгөндөрдүн айлыгы бир кыйла көтөрүлдү. Бюджеттин эсебинен курал-жарактар алынып жатканын көрүп жатабыз. Маселен, жакында эле медициналык тез жардам унааларынын партиясы, аскер кызматкерлерибиз үчүн жүк ташуучу унаалар, атайын техникалар сатылып алынды. Ал эми армиябыз профессионалдуу, техникалык жактан куралданган, чек араны гана эмес, жалпысынан республиканын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга даяр болуп баратканын көрүп жатабыз. Бул чөйрөгө олуттуу, системалуу көңүл бурулуп жатканы кубандырат, - дейт саясат таануучу.
Эксперт мунун баары, өзгөчө, азыр дүйнөдө ар кандай чыр-чатактар чыгып, андай абал каалаган учурда чыгып кетиши мүмкүн экенин эске алганда абдан маанилүү экенин белгиледи. Саясат таануучу белгилегендей, мамлекет биринчи кезекте техникалык жактан жабдылган өз күчтөрүнө, армиясына таяныш керек.

-Албетте, өлкөнүн аскердик концепциясы коргонуу жагынан тынчтык багытка гана негизделген. Бирок дүйнөдөгү глобалдык кырдаалды баарыбыз көрүп турабыз. Кыргызстандын бийлиги муну түшүнүп, алтургай мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өлкөбүздүн коопсуз сезиши үчүн олуттуу аракеттерди көрүүдө, — деди Денис Бердаков.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх