Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазруи менен жолукту         

 Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну илгерилетүү боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазруи менен жолукту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Акылбек Жапаров өткөн жыл кыргыз-эмират кызматташтыгы үчүн окуяларга бай болгонун белгиледи.“Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары болуп, анын алкагында биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда тараптар ички процедураларды аяктоо иштерин жүргүзүүдө" ,-деди ал.

Ошондой эле Жапаров аталган  келишимдин алкагында инвестициялык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын экинчи отуруму өткөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагында кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар келишимдерге кол коюлган.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи кызматташуунун ыргагына канааттангандыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх