Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин үйү конфискацияланганбы же жокпу? Жактоочусунун жообу         

Замир Жоошев экс-президенттин үйү азыр кимге таандык экенин айтып берди

Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы колониядан бошотулгандан кийин аны Кой-Таштагы үйүнөн туугандары жана жакын санаалаштары тосуп алышты. Бул көпчүлүктүн кызыгуусун туудурбай койгон жок. Анткени буга чейин экс - президенттин үйү конфискацияланып ФУГИнин балансына өткөнү маалым болгон. Атамбаевдин жактоочусу Жоошевдин айтымында, буга үй мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгени менен үйдө Атамбаевдин үй-бүлөсү жашаганы себеп. Ал өз Фейсбук баракчасына "Эсиңиздерде болсо, 2022-жылы жай мезгилинде Кой-Таштагы үйдүн аймагына Мамлекеттик мүлк фонддун өкүлдөрү жана сот аткаруучулар өз ыктыяры менен көчүп кетүү талабын коюшкан. Бирок мурдагы президенттин үй-бүлөсү үйдөн чыгуудан баш тартышты. Анткени үй Батукаевдин иши боюнча мыйзамсыз конфискацияланган жана аларга таандык болгон",- деп  жазган. Жоошев ошондой эле эгерде жашоочулар өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тартса, анда мыйзам боюнча сот аткаруучулар сотко кайрылууга тийиш жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде гана мажбурлап жашап жаткан жеринен чыгарууга мүмкүн экенин кошумчалады. "Андай сот актысы болгон эмес, азыр да болушу мүмкүн эмес. Батукаевдин бошотулушу боюнча сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Буга байланыштуу бардык конфискацияланган мүлк мыйзамдуу жана иш жүзүндө ээлерине кайтарылууга тийиш", - деп жооп берди Замир Жоошев.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх