Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Бүгүн, 17-февраль Акылбек Жапаров өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө өкмөт башчылар эки республиканын президенттеринин жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Атап айтканда, Биргелешкен практикалык аракеттер планынын («Жол картасы») долбоорун иштеп чыгуу тууралуу сөз жүрдү.

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов ошондой эле Кыргызстанда жана Өзбекстанда Соода үйлөрүн ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин такташты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду эки өлкөнүн ортосундагы ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх