Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи май райондук соту Атамбаевди толук акталды деп саноого эрте экенин билдирди

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-президент боюнча чыгарган чечими туурасында үн катты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши каралып жаткан.
Биринчи кылмыш иши - 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, экинчиси - 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш.

«А.Атамбаевдин 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, бул иш боюнча сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү али эрте»,-деп жазылган маалыматта.

Биринчи май райондук соту ошондой эле Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалбагандыгын, анткени ал А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткандыгын белгилеп, Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш жаңы кароого түшкөнүн кошумчалады.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх