Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина суракка чакырылды

Буга Алмазбек Атамбаевдин колониядан чыккандан кийинки билдирүүсү себеп болгон

Мурдагы депутат Ирина Карамушкина милицияга сурак берди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Сурак экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колониядан чыгып, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясынан кийин бир адамдын сөөгү жашыруун көмүлгөнүн журналисттерге айткан билдирүүсүнө байланыштуу экени айтылат.
ИИМдин 16-февралдагы маалыматына караганда, бул маалыматты тактоо максатында аталган факт маалыматтын электрондук реестрине катталган.

- Текшерүүнүн жүрүшүндө Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан 2019-жылы жогорудагы адамдын сөөгүн жерге берүү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жаран К.М.нын каза болгондугу аныкталган. Кой-Таш окуясы менен байланышы жок. Анын өлүмү кырсыктан улам болгону аныкталды.

Белгиленгендей, ал тоодо жоголгон малын издеп жүрүп, сол бутуна 12 калибрдеги жылмакай мылтык менен кокусунан ок чыгарып, кан жоготуп каза болгон. Муну чогултулган материалдар жана жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү тастыктап турат.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынган.

- Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча А.Атамбаев менен И.Карамушкинанын Кой-Таш окуясында эркектин өлүмү жана аны жашыруун көмүү боюнча айткан жүйөлөрү тастыкталган жок. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга атайылап жалган билдирүү тараткандар үчүн кылмыш жазасы каралганын эскертет, деп айтылат маалыматта.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх