Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматына барды

УКМКнын төрагасы атайын кызматтын жалпы өздүк курамын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап келди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Сапарынын жүрүшүндө Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди.

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы өлкөнүн жана ведомство жетекчилиги тарабынан бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын акырында УКМКнын төрагасы дагы бир жолу "Альфа" атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх