Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна курулуп жаткан жаңы үйлөрдун курулушун текшерүүдө

Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх