Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Анын талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин президенттин башка жарлыгы менен Уланбек Мамбетакунов билим берүү министрлигигин башчылыгынан бошотулган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх