Акылбек Жапаров уурдалды делген 19 тонна алтын туурасында: Мадумаровдун жалган билдирүүсү боюнча сотко берсе болот
"Бирок, анда алар кайра саясий куугунтук дей башташары анык"
Популисттик билдирүүлөр менен кээ бир саясатчылар жалган билдирүү жасагандан да жазганышпайт. Мындай билдирүүнү министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жакында “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Журналист ага Кумтөрдөн уурдалган делген 19 тонна алтын боюнча суроо узатты.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, бул сөздөрдү биринчилерден болуп айткан депутат Адахан Мадумаров кийинчерээк бул маселени иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комитетти жетектөөдөн баш тарткан.
— Адахан Мадумаровдун ушундай жоопкерчиликсиз билдирүү жасаганы эсимде. Андан соң президент Мадумаровго бул маселе боюнча депутаттык комиссияны жетектеп берүүнү сунуштаган. Бирок, комиссия түзүлгөндөн кийин Мадумаров аны жетектөөдөн баш тартып, милдет Исхак Масалиевге тапшырылган. Кийин ал дагы комиссияны жетектөөдөн баш тартып, Арсланбек Малиев ишти жыйынтыктаган. Ал комиссия менен биргеликте жеринде текшерүү жасап, бир грамм дагы алтын уурдоо мүмкүн эмес экенине ынанган, - деген Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы жалган билдирүү үчүн саясатчыларды сотко берсе болорун кошумчалаган.
- Сотко берсек, айткан сөздөрүнө жооп беришмек. Бирок, анда алар кайра саясий куугунтук дей башташары анык. Мындай учур, тилекке каршы, бизде көнүмүш болуп калды. Саясатчылар бул ишти токтотуу керек экенин түшүнүүгө убакыт жетти, деп жыйынтыктаган ал.
фото www