Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровдон ырайым сурап кайрылды

«Кумтөрдүн» мурдагы башчысы эгер ал өкмөттөгү айрым адамдарга тоскоолдук жаратып жаткан болсо Канадага тынч эле кетип калууга даяр экенин билдирди

«Кумтөрдүн» мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк СИЗОдон президент Садыр Жапаровго кат жазып, андан ырайым сурады. Бөлтүрүктүн мамлекет башчысына жолдогон катын анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

- Кадырлуу Садыр Мырза

Менин алдымда Сиз койгон милдеттерди жана жоопкерчиликти толугу менен канааттандыргыдай аткара албай койгонума сизден чын жүрөктөн кечирим жана ырайымдуулук сурайм. Жумасына 75-80 саттан иштесең да баары бир толук Кумтөрдүн жана Нацхолдингдин иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. 20 жылдан ашык Кумтөрдө терең жана жакшы уюштурулган коррупция схемалары толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок, сизге мен сөз бергендей өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уят кыллган жокмун жана эч качан кылбайм. Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз, сизге чынчыл жана ишенимдүү түрдө жардам берүүгө даярмын. Колумдан көп, чоң жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөлөрго тоскоолдук кылып жасам, анда тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары кудайдын жана сиздин колуңузда, өзүңуз туура чечим кабыл аласыз деп ишенем, - деп жазган «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчиси.

Эскерте кетсек, учурда Теңиз Бөлтүрүк Бишкек шаарындагы СИЗО-1де кармалууда. Ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр» жабык акционердик коомундагы коррупциялык схемалардын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Нет описания фото.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх