Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Калаа мээри быйыл тыгын маселеси жана коомдуу транспорттун жетишсиздиги толугу менен чечилээрин билдирди

Ошондой эле калаа башчы акыркы күндөрдө борбордо байкалып жаткан тыгындардын себебин дагы түшүндүрдү

Калаа мээри "Кабарда" өтүп жаткан пресс-конференциянын жүрүшүндө быйыл тыгын маселеси жана коомдуу транспорттун жетишсиздиги толугу менен чечилээрин билдирди. Ал бул үчүн. жылдын аягына чейин 1500 автобус сатып алынаарын айтты.

Ал эми Бишкектеги болуп жаткан акыркы 10 күндөгү тыгындарды Некрасова көчөсүндөгү газ түтүктөрүн оңдоо иштеринин жүрүп жатканы менен түшүндүрдү. Ошондой эле мэр таксилердин техникалык кароосун киргизүү керектигин кошумчалады.
“Таксилер калаа тургундарын ташышат. Алардын тейлөө сапаты абдан начар. Биз техникалык кароону киргизели деп атабыз. Коррупция болот деген сөздөрдөн алыс болуу үчүн биз аны акысыз кылышыбыз мүмкүн. Калаа тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн таксилер кандайдыр- бир талапка жооп бериш керек”,- деди калаа мэри.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх