Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкекте мектептер дагы эле жетишсиз (видео)

Буга чейин өлкө башчы келерки жылдан тарта борбор калаада мамлекеттик бюджеттин эсебинен мектеп, бала бакчалар курулбай турганын билдирген

Бишкекте дагы эле мектептер жетишсиз. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров “КАБАР” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Өткөн жылы 15 мектеп, 3 бала бакча курдук», - деди мэр. - Билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги маселеси жарым-жартылай чечилди. Бирок дагы эле мектептер жетишсиз.

Журналисттердин бири чиновникке президент Садыр Жапаровдун келерки жылдан тарта борбор калаада бюджеттин эсебинен мектеп, бала бакчалар курулбайт деген билдирүүсүн эске салды. Ага Абдыкадыров билим берүү мекемелеринин курулушун дагы деле улантуу керек деп жооп берди.

«Быйыл үч мектептин курулушу пландаштырылган», - деди ал. — Алардын тартыштыгы калктын курч көйгөйү.

Ошону менен бирге чиновник жеке менчик мектептерди курууну каалаган ички жана чет элдик инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин жаңы билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолугушууда президент Садыр Жапаров келерки жылдан баштап борбор калаага мамлекет тарабынан мектеп курулбай турганын билдирген.

-Быйыл 12 бала бакча, бир чоң мектеп курабыз. Муну менен Бишкектеги курулуш аяктайт. Биз мындан ары Бишкекке мектеп, бала бакча курбайбыз. Эгерде ушундай муктаждык болсо, бизнесмендерге өткөрүп беребиз. Аларга бекер жер беребиз, коммуникацияларды жүргүзөбүз, бул мектептерди же бала бакчаларды өздөрү салышсын. Ушундай эле мүмкүнчүлүктү аймактарга беребиз», - деген мамлекет башчы.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх