Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алынып салынды

Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды

Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Султанбаевдин айтымында министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы ушул жылдын 5-мартында “Ак-Ордо” жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө

Министрлер Кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон.
Жаңы конушка барып келгенден кийин Мамлекет башчысы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди.

Президент Жапаров ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет.

Кечээ Мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.
Президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх