Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Джумагазиев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Мамлекет башчы тиешелүү жарлыктары менен ошондой эле Аламүдүн жана Сокулук райондорунун акимдерин дайындады

 Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Джумагазиев Канат Сагынович Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле, бүгүн, 7-мартта Садыр Жапаров Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдерин дагы дайындагы. Алсак, Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалса, Илияз Ташкулов Сокулук районунун акими болуп дайындалганы маалым болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх