Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаттары педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча референдум өткөрүү боюнча президентке кайрылышат

Дастан Бекешев бул маселеге кандай карай турганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу, тагыраагы 61 депутат педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча референдум өткөрүү боюнча президентке кайрылууну сунуштаган токтом долбоорун даярдашууда. Бул тууралуу Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

-Жакында эле Жалал-Абадда ушундай окуя болду. Ал жерде бир киши педофилия боюнча мыйзамсыз соттолуп, ал тургай бир канча убакыт абакта дагы отурган. Бирок, ал майып экенин жана ага байланыштуу физикалык жактан мындай кылмышка барышы мүмкүн эмес экенин далилдей алды, - деп айтып берген Бекешев. Анын айтымында, ал адам акталган соң 1 миллион сом компенсация талап кылган.

- Элестетсеңер, эгер өлүм жазасы бар болгондо, ал эчак тиги дүйнөдө болмок!, - деп кошумчалады Бекешев. Ал укук коргоо органдары кынтыкчыз иштеген жерде гана өлүм жазасы киргизилиши мүмкүн деп эсептейт.

- Биздин сот системасы идеалдуу эмес, тергөө органдарына да ишенич жок. Мен өлүм жазасын колдойм, бирок укук коргоо кызматкерлери 100 пайыз туура иштеген учурда аган. Бирок, тилекке каршы, бардык жерде кемчилик бар, жада калса АКШда да бейкүнөө адамдарды өлүм жазасына тарткан учурлар көп. Мындай окуялар айтылып, чыгарылып эле келет. Бирок, анткен менен биздикилер эл өлүм жазасын сунуштап жатат», - деп сөзүн жыйынтыктаган депутат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх