Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

Жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болгону белгиленди.

Мамлекет башчысы Имангали Тасмагамбетовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктап, аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Уюмдун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга ал өзүнүн турмуштук жана кесиптик тажрыйбасын толугу менен жумшаарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берерин белгиледи. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулгус боордоштук-2023" машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

Өз кезегинде ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Уюмдун жакынкы келечектеги программалары жана артыкчылыктары, ошондой эле ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх