Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эски "Нарын" мейманканасынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана курулат

Долбоордун баасы 321 млн АКШ долларын түзөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 10-мартта, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды.

Салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, Мамлекет башчысы өз сөзүндө ал жерде мурда белгилүү «Нарын» рестораны турганын эске салды.

Эгемендүү мамлекеттин борборунун чок ортосуна салына турган жаңы имарат борбор калаага көрк берип, заманбап дизайн менен айырмаланып, шаардыктарга ыңгайлуу шарттары менен болушу керектигин баса белгиледи.

 

Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт.

Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган.

Долбоордун баасы 321 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар –ТОО «Feb group» филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана «Gurgoli» (Түркия) курулуш компаниясы саналат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх