Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты

Аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда курулуш иштери аяктоо алында турат.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аткарылган иштер тууралуу Президентке маалымат берди.

Анын айтымында, аэропорттун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон – 1974-жылы ишке берилген.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жокутугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ушул эле жерде Манасбек Самидинов учурда 2022-жылы башталган “Казарман” аэропортунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берди. Долбоордун аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылган.

“Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулган, аэробекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 40-50 жүргүнчү.
Аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх