Депутат Абировдун мушташы тууралуу президентке маалымат берилди
Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды
Президент Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ошондой эле ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылганын дагы белгиледи
- Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт, - деп жазган Султанбаев.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз