Жогорку Кеңеште депутат Жаныбек Абировдон кол тийбестикти алып салуу маселеси каралууда
Жыйын жабык эшик артында өтүүдө
Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети депутат Жаныбек Абировду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап жатат.
Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.
Эске салсак, 13-мартта милиция кызматкерлери эл өкүлү Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча эки шектүүнү кармашкан. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д., борбор калаанын ОИИБдин УККсына киргизилген.
Фото www