Министр Динара Кутманованын ордуна Мелис Тургунбаев дайындалды
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми, Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз