Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Бириккен Араб Эмираттарынан келген өкмөттүк делегациянын башчысы Абдулла Нассер Лута менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык биргелешкен “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алгачкы үч долбоорунун алдыдагы ишке киришүүсүн талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулла Нассер Лута менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык биргелешкен “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алгачкы үч долбоорунун алдыдагы ишке киришүүсүн талкуулашты. 2021-жылы Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен республикада тездетилген реформаларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу – “Өкмөттүк акселераторлор” киргизүү боюнча макулдашууга жетишкен.

“Кыргызстандын Өкмөтү бүткүл дүйнө суктанган БАЭнин экономикасын трансформациялоонун ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүү үчүн талыкпай иштөөгө ниеттенүүдө. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилеринин ак ниеттүүлүгүнүн аркасында “өкмөттүк акселераторлор” программасы эки мамлекеттин чоң жана ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн бекем пайдубал түзөт”, - деди Эдил Байсалов.

Өз кезегинде Абдулла Нассер Лута мамлекетти өнүктүрүүдөгү айкын ийгиликтердин аркасында акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын белгиледи. БАЭнин Министрлер Кабинетинин жогорку даражалуу өкүлү биргелешкен долбоорлор кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүүгө сезилээрлик түрткү берип, жаңы долбоорлорду жана программаларды даярдоого жана ишке ашырууга бекем негиз түзөөрүнө ишеним билдирди.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх