Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Мамлекет башчы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду.

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх