Октябрь районунда аким алмашты
Азамат Дороев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду
Октябрь районунун акими Дороев Азамат Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык, берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаныбек Аманович Орозалиев борбор калаанын Октябрь районунун башчысы болуп дайындалды.
Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Фото www