Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК жана ИИМдин мурдагы башчыларына кылмыш иши козголгон эмес

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште белгилүү болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес жана издөө жарыяланган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында белгилүү болду.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен мурдагы ИИм жана УКМК башчыларынын тагдыры тууралуу сурады.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев ИИМде мурдагы УКМК жана ИИМдин мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоого ыйгарым укугу жок экенин айтты.

Өз кезегинде УКМКнын төрагасынын орун басары Рустан Мамасадыков атайын кызмат Жунушалиев менен Опумбаевге карата кылмыш ишин козгобогонун билдирди.

Жыйынтыгында башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган күч түзүмдөрүнүн мурдагы башчыларына карата кылмыш иши козголбогонун ырастады. "Октябрь окуяларына байланыштуу бир гана кылмыш иши бар, ал ИИМ тарабынан иликтенип жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кашкар Жунушалиев 2016-2020-жылдар аралыгында Ички иштер министрлигин жетектеген. Өз кезегинде Орозбек Опумбаев 2019-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына дайындалган. 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин алар көрүнбөй калган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх