Эдил Байсалов: Министрлер кабинети өлүм жазасына каршы
Ал мындай пикирин соцтармакка жарыялаган
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкө бийлиги педофилдерге өлүм жазасын киргизүүгө каршы экенин билдирди. Ал мындай оюн соцтармактагы баракчасына калтырган.
- Өлүм жазасын алып салуу - бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт, — деп жазган Байсалов.
Эскерте кетсек, Конституциялык сот Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун "КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча сунушун кароого кабыл алган.
Фото www