Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Урмат Самаев Токмоктун мэри болуп 2021-жылдын августунда шайланган

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, УКМК Самаевдин "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендигин аныктап, кармаган. 
Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Урмат Самаев Токмоктун мэри болуп 2021-жылдын августунда шайланган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх